Саламаттыкты сактоо министрлигинин бүгүн, 5-февралдагы билдирүүсү боюнча, карантиндик зоналар толугу менен даяр.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаковдун айтымында, «Манас» эл аралык аэропортундагы санитардык-карантиндик пунктта, саламаттыкты сактоо мекемелеринде атайын палаталар даярдалды. Ошондой эле өлкөнүн аймагында бул дартты алдын алууга, лабораториялык изилдөөлөргө керектүү материалдар жана дарылоодо зарыл болгон дары-дармектер жетиштүү.
Булак: Баракелде