Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча атайын иш-планын түзүү менен ар кандай маданий-уюштуруучулук, илимий иш-чараларды, конференция, семинарларды, сынактарды уюштуруу, жалпыга маалымдоо каражаттарына чагылдыруу боюнча тийешелүү жетекчилерге тапшырмалар коюлду. Ошондой эле мааракени жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн тийиштүү болгон шарттарды жаратуу, Улуу инсандын туулган жерине өзгөчө көңүл буруу, аймактын инфратүзүмүн жакшыртуу жаатында активдүү иш алып баруу жагы баса белгиленди.
Айтмакчы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 10-январындагы №2 “Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү” Жарлыгын жана Кыргыз Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы №10-буйругун ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана саясий ишмер ИсхакРаззаковдун 110 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чараларды өз убагында даярдоо жана жогорку деңгээлде өткөрүү максатында КыргызӨкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун дагы буйругу чыккан.
Аталган жыйын соңунда уюштуруу комитети республикалык жана облустук деңгээлде түзүлгөн иш-чаралар планына ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилди. Мааракени 2020-жыдын күз айларына өткөрүү пландалууда.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №05 (440), 05.02.2020-ж.