Анын күчү очогунда 3,5 баллга жеткен. Алай районунун Нура, Икизяк айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок.

Быйыл январь айында аймакта эки ирет жер силкинген. Жыл башынан бери күчү 3-3,5 баллды түзгөн жер титирөөлөр Нура, Икизяк айылдарында катталган.

Алайдын Нура айылында 2008-жылы 5-октябрда күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл толугу менен кыйрап калган.

Булак: Азаттык