Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган. Буга байланыштуу министрлик эпидемияга каршы күрөшүү үчүн 30 млн сом бөлүп берүүнү суранган. Ал бул маселе өкмөт менен макулдашылганын кошумчалады.
Ошондой эле депутаттар министрдин орун басарынан коронавирус боюнча маалымат алышты. М.Каратаев белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктурган учур катталган жок.
2019-жылдын аягында Кытайдын бийлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна Ухань шаарында белгисиз вирус тараганын билдирген. Адистер бул вирусту 2019-nCoV деп аташкан. Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда коронавирусту жуктургандардын саны 14 миң 380 адамга жетип, 304 адам каза болду. Ошондой эле эле бул вирусту жуктурган 328 адам дарыланып, ооруканадан чыкты.
Булак: Баракелде