Анткени бүгүнкү күндө дүйнөнүн №1 бул өлкөсүндө кеминде он миңден ашык мекендештерибиз иштеп, окуп, жашап жүрүшөт. Ал эми аларга визалык чектөө киргизилиши ошол жумушунан ажырап, кайтууга мажбур болот дегендик. Бул жагдай айланып келип ал мигранттар үчүн эле эмес, жалпы эле өлкөбүздүн экономикасына чоң сокку болмокчу. Эмне үчүн демократиянын мекени болгон АКШ “Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы” аталган Кыргызстанды кара тизмеге киргизип жатат? Деги эле бул маалыматтын канчалык чын-төгүнү бар?
Азырынча АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Кошмо Штаттар кыргыз жарандарына визалык чектөө киргизгени жатканы жөнүндөгү маалыматты тастыктаган жок. Ушул жагдайды тактоо үчүн АКШнын элчиси Дональд Лу 22-январда министрликке чакыртылганы белгилүү болду. “Америка тарап, элчи мырза бул маалыматты азырынча тастыктаган жок. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер чектөө тууралуу чечим кабыл алынса терс кесепет болоруна, залакасы Кыргызстандын катардагы жарандарына тиерине көңүл бурдук”,- деди министр Чыңгыз Айдарбеков.
Айдарбековдун айтымында, мындай сунушту АКШнын күч органдары бергени тууралуу маалымат бар. Себеби 2017-жылы Кошмо Штаттарда биометрикалык паспорт бербеген өлкөлөрдүн жарандарынын бул өлкөгө киришин 2020-жылдан тартып чектей турган мыйзам кабыл алынган.
Министр кыргыз өкмөтү чет өлкөгө чыгууну каалаган жарандарына биометрикалык паспорт жасап бере албай жатканынын объективдүү себептери бар экенин кошумчалап, визалык чектөө тууралуу чечим кабыл алганда АКШ ушул жагдайга көңүл бурарына үмүттөнөрүн айтты.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын бул өлкөгө киришин чектеген мыйзам долбоорун даярдап жатканы 21-январда белгилүү болду. Алар - Беларус, Мьянма, Нигерия, Судан, Эритрея жана Танзания.
Булак: "Майдан.kg" газетасы