Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында айтты: “- 23-январдан баштап Кытай менен каттамдардын баары токтоду. Өзгөчө “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттеринде бардык кыймыл-аракеттер токтоду. Билесиздер, Кытай Жаңы жылга байланыштуу дайыма ушул маалда чектөө киргизет. Бирок биз ал чектөөнү дагы күчөттүк. Ал жерде адамдардын кыймыл-аракети да, өндүрүм ташып келүү да токтоду”.
Буга чейин Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы да 23-январдан 1-февралга чейин токтогон.
Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстандын аймагында коронавирус жугузгандар катталган жок. Оорунун алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.
Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 4 миңден ашуун киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 100дөн ашты жетти.
Бул илдеттин алдын алуу үчүн иш чараларды күчөтүү максатында 27-январда президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилигинде өлкөнүн баардык тиешелүү министрлик, ведомстволорунун башчыларынын катышуусунда жыйын өттү. Анда вирустун өлкө аймагына киришине жол бербөө боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, тышкы иштер министрини биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жана Өкмөткө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциянын директору Калысбек Жумаканов көрүлүп жаткан чаралар тууралуу комплекстүү маалымат беришти.
Өлкөнүн Өкмөтү тарабынан эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө жана республиканын аймагына жаңы коронавирустун кирүүсүн алдын алуу боюнча ыкчам штаб иштеп, зарыл чаралар көрүлүп жатканы белгиленди. 
Учурда республика боюнча бир дагы коронавирусту жуктуруп алуу фактысы катталган эмес, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө. Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүүлөр дене табын өлчөгүчтөр менен санитардык-карантиндик пункттардын адистери тарабынан ишке ашырылууда.
Расмий маалыматтар боюнча, Кытайдын аймагында бүгүнкү күндө 4614 кыргызстандык студент бар, алардын 14ү Ухань шаарында. Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилиги алар менен туруктуу байланышып жатат (тема боюнча кеңири материал 9-бетте).

Булак: "Майдан.kg" газетасы