Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия көркөм адабий чыгармаларды жана котормолорду басып чыгаруу үчүн сынак жарыялаганын билдирди.
Ага ылайык, конкурс "Кыргызстанда 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын" аткарылышын камсыздоо максатында өткөрүлөт.
Анда "Азыркы адабият", "Дүбүрт", "Дүйнөлүк адабият" жана "Дүйнө" серияларынын алкагында жарык көрө турган көркөм адабий чыгармаларды жана котормолорду басып чыгаруу үчүн үч айлык мөөнөт берилет.
Эмгектер электрондук түрдө (Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. дарегине) үстүбүздөгү жылдын 23-мартына чейин кабыл алынат. Сунушталган эмгектер сынактын талаптарына жооп берип, Улуттук комиссиянын алдындагы Эксперттик-редакциялык кеӊештин сынынан өткөн соң, мыкты деп табылгандары өзүнчө китеп болуп басууга даярдалат.
Жыл сайын өтө турчу сынактын негизинде бир катар белгилүү акын-жазуучулардын эмгектери жана котормолору басылып чыгып, окурмандарга тартууланганы айтылат.
sputnik.kg