Учурда ал райондогу «Аксаамай» фольклордук тобунун көркөм жетекчиси. Ушул жашка чейин кыргыз маданиятына салым кошуп, «Эл агартуунун отличниги», «Маданияттын мыкты кызматкери» наамдары, «Кеменгер» төш белгилери менен сыйланган.
Өзүнүн айтымында, репрессия учурунда төрөлүп, башынан көп кыйынчылыктарды өткөргөн.
«Мен репрессия учурунда 1938-жылдын 7-ноябрында Ала-Бука районунда төрөлгөм. Ушул жылы бир таякем репрессияга кабылып, атылып кетиптир. Андан кийин үч таякем да орус аскерлеринин колунан өлүп, дагы бирөөсүн башын кесип кетишкен экен. Эң кичүү таякем согушка кетип, ал жерден кайтпай калган. Ошентип, 7 эркек бир тууганынан айрылган апам үйдө жалгыз калган экен. Апам кезинде Жеңижок акынды көрүптүр. Анын ырларын кээде ырдап калчу. Биздин үйгө Токтогул да келип калчу дейт. 1922-жылдары Токтогул Молтой деген таякемдин үйүнө келип, боз үйдүн туурдуктарын түрүп салып, элдин курчоосунда ырдап бериптир. Эл жар болуп, аябай угушуптур. Алардын арасында апам да отурган экен. Анан Токтогул, “Молтой, тигил жерде отурган кызыл жүздүү саруудан эмес, башка жактан келген турбайбы”, - деп айтса, таякем таң калыптыр. Кантип билип калдыңыз десе, анда Токтогул “чачын бош өрүптүр, мындайды багыштар өрөт. Саруулар болсо майлап, таш кылып өрүшөт”, - деген экен. Мындан улам, апам аны сынчы Токтогул деп айтып калыптыр. 1981-жылы апамды борбор калаага алып келип, маданий жайларды кыдыртып, көрсөттүм. Ошондо апам Токтогулдун эстелигин көрүп, “көзүм көрүп, бир дасторкондон даам сызып калдым эле, куран окубасам болбойт”, - деп куран окуган. Атам болсо көкүлдүн тукумунан. Ата-энеси бай болгондуктан Таластан Ала-Букага бүтүн мал-жаны менен качып келишкен экен. Ал жерге келгенден кийин, туугандарынын арасынан атам гана жарга жашынып калып, аман калган. Калгандары атылып кетишиптир. Сөөктөрү каякта калганы белгисиз», - деди ал.
Айымкан апа эки жашында жесир болуп калгандыгын мындайча айтып берди.
«Төрөлгөндө эле, мени саруу уруусунан кырк уул кичи уруудан Аваз деген атамдын эжелеренин баласына кудалап коюшуптур. Ал бала 1940-жылы каза болуп калыптыр. Анда мен эки жашта экенмин. Чабарман аркылуу баланын каза болуп калганын уккан чоң апалар, мени “бул кичинесинен жесир калды, муну жесир дейли”, - деп, жесир бөбөк атка кондурушуптур. Андан кийин, 1941-жылы анын инисине кудалап коюшту. Ортодо Ата Мекендик согуш башталып, ал кудалашуунун аягы билинбей унутта калып калды. Ошону менен ага да турмушка чыккан жокмун», - деди Айымкан апа.
Ал жаштайынан билимге умтулуп, ата-энесинин каршылыгына карабай Жалал-Абаддагы окууга качып кетет.
«1944-жылы 1-класска кирдим. Бул учурда айылда чоң киши аттуу калбай калган. Баары согушта. Биз болсо 6-7 жаштагы балдар машак терип, кыйын күндөрдү баштан кечирдик. Бир эргежээл кишинин коштоосу менен талаага барып, эртеден кечке машак терчүбүз. Чарчаганда талаада самандын үстүндө уктачубуз. Жылаандар болсо оролушуп жаныбызда жатчу. Ал кезде талаанын баары жылаан болчу. Аларды уктап жатканда байкабайсың. Ойгонуп турганда так секирип, чаңырып калчу элек.
Бирок, мен эл башына түшкөн кыйынчылыкка карабай жакшы окудум. 1950-жылдары мугалимдер мени жакшы окуйт деп, комсомолго өткөрүштү. Бирок, бул кызды кудалап коюшкан, алыска окууга жөнөтүүгө болбойт дешкен. 1952-жылы Ала-Бука районуна орто мектеп ачылып калды. Ал мектепте мага чейин бир да кыз киши окубаптыр. Мен 12 баланын арасында жалгыз кыз болуп окудум. Таңкы саат төрттө туруп, 12 чакырымга чейин жөө жалаңдап мектепке жөнөчүбүз. Кышында суукта да мектептен калчу эмесмин.
1946-жылы атамдар мени дагы бир балага кудалап коюшкан. 10-классты бүтөр менен турмушка бермей болушту. Аялдар кеңешинде М.Маматова деген эжеге бул окуя тууралуу арызданып бардым. Ал мени Жалал-Абаддагы Пушкин атындагы училищага качырып жиберерин айтты. Ал мезгилде өлкө боюнча 3 эле окуу жай бар эле. Анан ошол училищага качырып жиберди. Бир жума бою алыскы бир эгин талаада комбайнчылардын жанында бекинип жаттым. Бир аптадан кийин бир автоунаа келип мени алып кетти. Анан бир жерден атама жолуктум. Атайын мага келиптир. Колума 150 рубль карматты. Апам болсо курут, май кылып түйүнчөккө түйүп жөнөтүптүр. Атам, “мен сени качырган жокмун, кудалашып койгондорго эл жөнөтүптүр деп айтып коем", - деди. Ошентип атам мени менен коштошуп, жүк ташуучу кара унаанын кабинасына отургузуп, Жалал-Абадка узатты. Ал жерге бир күндө жеттик. Анда Нарын дарыясында көпүрө жок. Бир гана Өзбекстан менен каттачу элек. Анжиянга келип, түнөдүк. Ошондо шоопур өзбекке ыраазы болдум. Авто бекеттен эки бети эки жака караган отургучтар бар экен. Ошонун бир бетине өзү жатып, колуна жип байлап, анан аны отургучтун алдынан өткөрүп, жиптин экинчи учун менин колума байлап койду. Көрсө уктап жатканда, мага бирөө тийишсе сезбей калбайын деп байлап коюптур. Ошентип, Жалал-Абадка кирип бардык. Ал жерде эки жыл билим алгандан кийин, апам келип, мени айылга алып кетти», - деди ал.
Айымкан апа айылда К.Маркс атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштеп, 1959-жылы турмушка чыгат. 1960-жылы Оштогу институттун тарых факультетине тапшырып, аны бүткөн кийин тарыхты изилдеп, көп эмгектенет.
«Чүйгө көчүп келип, бир топ музейлердин түптөлүшүнө салым коштум. Мектептерде директор болуп эмгектендим. Ар кандай салтанат-кечелерде маданий уюштуруучулукту алып бардым. 1994-жылы «Манастын эли» деген спектаклдин сценарийин жазып, фестивалга чыкканбыз. Эч кандай маданият кызматкери болбой туруп эле, концерттерди уюштуруп, «Айыл кептери», «Манас таануу», «Жаштар тобу» деген көптөгөн таланттуу жаштардан турган тайпаларды түздүм», - деди тарыхчы.
Айымкан апанын беш кыз, бир уулу болгон. Бирок уулу 40 жашында, дагы бир кызы 50 жашында кайтыш болуп калган. Ошол кызынын уулун өзүнө каттатып алган. Азыркы учурда небереси 35 жашта.
«Калган кыздарым турмушка чыгып, өз турмуштары менен кетишти. Мен неберемдин колундамын. Жолдошум болсо 52 жашында кайтыш болгон», - деди ал.
Булак: Турмуш