А.Мадумаров окуу жайдын имараты менен таанышып, шарты начар экенин, дарсканалардын ичи суук экенин айтты. Окуу жайдын жетекчилери Ош менен Бишкектеги окуу жайларга салыштырганда шарт начарыраак экенин билдиришти.
«Сиздерге шарт ыңгайлуу элеби? Ош менен Бишкекке салыштырып жатабыз. А эмне үчүн Кызыл-Кыяда да ушундай шарт түзө албайбыз? Же Баткен болгону үчүн шарт ушундай болуш керекпи? Ошко биз салыштырбашыбыз керек. Бул жерде деле шартты жасаса болот да», - деди Мадумаров.
Ал буга катар эле окуу жайдын мугалимдеринин кийимине комментарий берди.

«Адам биринчи өзүнөн башташ керек. Мына сиздер мугалимсиңер. Мен бүт мугалимдер менен учураштым. Бирөөңдө галстук жок. Жүрүшүңөрдү карагылачы. Мен ошол үчүн сурап жатам. «Азыр ишпи?» деп жатсам, силер иш деп жатасыңар. А эмне үчүн «без галстук» жүрөсүңөр? Мына директоруңар костюм-шым, галстук менен эле жүрөт. Силер студенттерге үлгү көрсөтөсүңөр», - деди облус жетекчиси.

Мугалимдердин айтымында, аталган окуу жай 1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыядагы филиалы болуп ачылган. 2000-жылы Баткен облустук мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институту болуп ачылган. Учурда анда 3000 студент билим алып, 150 кызматкер иштейт. Бул имарат союз мезгилинде интернат болуп түзүлгөн. Ошол убакыттан бери капиталдык оңдоодон өткөрүлбөй келет.

Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаевге окуу жайдагы кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырма коюлду.

Булак: Турмуш