Айыпталуучу Динара 2019-жылдын 24-августунда 1983-жылы туулган күйөөсү Замирбекти (аты өзгөртүлдү, Ж.Э.) кайын энеси Айнура (аты өзгөртүлдү, И.С.), кайын иниси Эмил менен молдого көрсөтүп, үйүнө келе жатканда күйөөсүнүн ден соолугуна байланыштуу кайын энеси менен урушуп кеткен. Анын кесепетинен Айнура денесинен жеңил жаракат алган.
Динаранын айтымында, 2019-жылдын 24-августунда кайын энеси, кайын иниси болуп күйөөсүн молдого көрсөтүп, үйүнө келе жатышкан. Ошол маалда кайын энеси менен кайын иниси Замирбекти молдого көрсөтпөй, ооруканага көрсөтөлү деп айтышкан.
 
«Молдо күйөөмдү үч күн алып кел деген. Акчасын төлөп, эки күн көрсөттүм. Кайын энеме: “Эми бир күн калды. Замирбекке жин кирип кеткен. Оорукана дарылабайт. Себеби, анализдеринин баары таза чыккан. Молдо сабап, түкүрүп дарылайт экен” деп айттым. Анда кайын энем менен кайын иним: “Молдо сыйкырчы бекен. Ооруканага көрсөтөбүз, 10 000 доллар бер” деп айтышты. Мен болсо, “андай каражат жок. Болгон акчам менен дарылайм. Жетпей калса силер беришиңер керек” десем, кайын энем: “Замирбекти сен ооруттуң” деп, мени жакалап, 3 жолу муштап жиберди. Ошол маалда кайын иним унааны токтотуп, чачымдан жулганда мен унаадан түшүп, туугандарыма телефон чалдым. Алар келип, үй-бүлөлүк маселени урушу жок сүйлөштүк. Бир маалда унаада отурган күйөөм ырдап баштады. Унаанын эшигин ачып, Замирбекти алып калайын дегенде кайын энем мени түртүп, эшикти жаап, кетип калышты», - деди ал.
 
Жабырлануучу Айнуранын айтымында, 2019-жылдын 24-августунда болжол менен саат 11:30 чамасында уулу Замирбекти молдого көрсөтүп келе жатканда унаанын ичинде уулу тууралуу уруш чыгып, келини ден соолугуна зыян келтирген.
 
«Уулум Замирбекти молдого көрсөтүп, унаа менен үйгө (Замирбектин үйүнө) келе жатканда балам Эмил келиним Динарага “агамды Бишкектеги ооруканаларга алып барып көрсөтөлү” деп айтты. Динара акча бере албайм дегенде, мен ага “сени 6 жыл бакпадыбы. Россиядан иштеп таап келген эки айлык акчасын бер” десем келиним кыйкырып-өкүрүп, “алты балаңды жутуп, талаада кал” деди. Ошондо чаап жибердим, бирок колум чала тийип калды. Эмилге унааны токтот дедим. Анан Динара унаадан түшө калып, бир агасына телефон чалып, “мени сабап жатышат” деп айтты. Туугандары үч унаа менен тез эле жетип келишти. Сүйлөшүп бүтүп, кетели деп жатканда Динара уулум Замирбекти кал деп, унаадан тартып түшүрүп баштады. Ошондо мен унаадан түшүп, “баламды сага калтырбайм” десем, Динара мени жулмалап, бетке чаап жиберди. Ушул маалда жаныбызга Динаранын агасы келип калды. Биз унаага түшүп кетип калдык», - деди ал.
 
Жыйынтыгында Динара күнөөлүү деп табылып, 40 саатка коомдук жумуштарга тартылды.
 
Токтом 17-январда чыкты.
 
Булак: Турмуш