Бул тууралуу «Wall Street Journal» басылмасы билдирди.

«Трамптын администрациясы иммиграциялык чектөөлөрдү киргизүү үчүн 7 өлкөнү карап жатат. Өлкөлөрдүн тизмеси акыркы эмес, 
өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Бул маселе менен тааныш эки адамдын маалыматы боюнча, жаңы чектөөлөр боюнча каралып жаткан өлкөлөргө Беларусь,
 Мьянма (ошондой эле Бирма деп таанылган), Эритрея, Кыргызстан, Нигерия, Судан жана Танзания кирет», - деп айтылат маалыматта.

Трамптын администрациясы тарабынан каралган долбоор 7 өлкөгө иммиграциялык чектөө коёт. Бирок толугу менен бул өлкөлөрдүн бардык 
жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салбайт. 
Буга чейин Американын аймагына кирүү мүмкүнчүлүгү Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемен өлкөлөрүнүн жарандарына чектелген.

Булак: Баракелде