Жаңы премьер-министрдин талапкерлиги бүгүн, 21-январда, депутаттардын жыйынында каралат.

Өзбекстандын министрлер кабинети парламентке өз отставкасы боюнча кайрылуу жөнөттү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Кайрылууга премьер-министр Абдулла Арипов кол коюп, документ дүйшөмбү күнү жаңы шайланган парламент алдында окулган.

Өкмөттүн отставкасын парламенттин эки палатасы тең кабыл алды.

Жаңы премьер-министрдин талапкерлиги бүгүн, 21-январда, депутаттардын жыйынында каралат.

Өзбекстандын Баш мыйзамына ылайык, жаңы шайланган парламенттин биринчи отурумунда өкмөт отставка боюнча арызын берет. Эми экс-министрлер жаңы өкмөт куралгыча мурдагы милдеттерин аткара берет.

Эске салсак, коңшу өлкөдө 22-декабрь күнү парламенттин төмөнкү палатасына, 16-17-январь күндөрү жогорку палатасына шайлоо болгон.


sputnik.kg