Жээнбеков быйыл да аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүүнү, соттук-укуктук реформаларды улантуу жана коррупция менен күрөш негизги максат болорун айтты.

Ал сыйлык ээлерин куттуктап жатып, мамлекеттик реформаларды колдоп, анын ишке ашуусуна көмөктөшүп жатышканы үчүн аларга ыраазычылык билдирди.

- Тынымсыз эмгегиңиздер жана кесибиңиздерге берилгениңиздер менен сиздер коомдо сый-урматка ээ болуп атасыздар. Сыйлык ээлерин тандоо учурунда биз коомдук ой-пикирди, эмгек жамааттарынын пикирлерин да эске алдык, - деди президент.

azattyk.kg