Бул тууралуу 18-январда Өзбекстандын либерал демократтар партиясынын жыйынында өлкөнүн премьер министри Абдулла Арипов билдирди.

Анын айтымында, жаңы түптөлө турган авиакомпания өлкөнүн ички каттамдарын арзан баада аткарууга багытталган. Бул долбоорду өзү демилгелеген. Бул компания быйыл жыл аягына чейин ишин баштаары айтылууда.

Мындан сырткары Өзбекстан 19-20-февралда дүйнөлүк деңгээлдеги авиациялык форум өткөрүүгө камынууда. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, ошол иш-чарада жаңы түптөлүп жаткан компаниянын бет ачары болот.

azattyk.kg