Бишкекти биринчи жолу ыш каптап жаткан жок. Адатта бул мезгилде абадагы зыяндуу заттардын концентрациясы нормадан жогорулап кетет. Кыргызстандагы шаарлардын ичинен Бишкектин экологиясы олуттуу маселе бойдон калууда. 

Азиз Суракматов Sputnik Кыргызстан агенттигине кырдаал боюнча кыскача комментарий берди.

— Ыштын себеби эмнеде? Адистер абаны булгаган түрдүү булактарды айтып жатышат.

— Бишкекти каптаган кара түтүндүн 70-75 пайызы жагылган көмүрдөн чыгып жатат. Ыш ТЭЦ-1 менен жеке секторлор от жакканда бөлүнүп чыгат. Күн сууктап от жагуу сезону башталганда эле Бишкекти кара түтүн каптап калат. Кээ бир жарандар көмүр гана эмес, күйө турган башка нерселерди дагы жагып жатышат. Бирок бул элге от жагууга тыюу салыш керек дегенди билдирбейт. Өнүгүүгө багыт алып, жылуулук булагын өзгөртүү зарыл.
Мисалы, Европа көмүрдөн баш тартып койду. Кээ бир жерлерде атайылап шахталарды суу каптатып салышты. Объектилер жылытуу системасын газ менен электр энергиясына алмаштырды. Биз дагы ушул багытка умтулабыз.

— Көмүр сатып акча тапкандар мындай өзгөрүүгө жол берет деп ойлойсузбу?

— Көмүр ташыгандарга суроо жок. Бул алардын бизнеси. Бирок мамлекет экология менен жаратылышка дагы кам көрүшү керек да. Биз киреше, экология жана ден соолук деген үч нерсенин ичинен кайсынысы маанилүү экенин тандап алышыбыз керек.

— Көпчүлүк кара түтүндү унаалар бөлүп чыгарып жатканын айтып, нааразы болуп келишет.

— Автоунаалар Бишкектеги кара түтүндүн 20-25 пайызын түзөт. Унаалардын саны кышы-жайы бирдей эле, керек болсо кышында жолдун тайгагынан улам айдоочулардын саны азаят. Бирок ошентсе дагы автоунаадан чыккан зыяндуу затты төмөндөтүү үчүн айрыкча эски унааларга фильтр менен катализаторлорду орнотуу керек.

— Экология канчалык таза болсо, элдин ден соолугу ошончолук жакшы болот. Буга кандай кепилдик бар?

— Бүгүн Бишкектин экологиясы бузулуп, өпкө, жүрөк, ичеги-карын жана онкологиялык оорулардын көбөйүүсүнө алып келип жаткандыгын эксперттердин баасы жана статистика айгинелеп жатат.

Кара түтүн ар бир кышта каптайт, анткени табияттын мыйзамы ушундай. Жер үстүндөгү аба жогору жагына караганда суугураак келип, ошол себептен атмосфера тазарбайт. Экологдор муну температуралык инверсия деп аташат.
Мындай көйгөйгө көптөгөн шаарлар тушуккан. Мисалы, буга Лондон өткөн кылымдын орто ченинде кабылган. Тажрыйбаларды карап чыгып, нытайжылуу чечим табуу керек.

Шаардыктардан үйдү жылытуунун башка түрлөрүнө өтүүгө, унааларын экологияга зыянын келтирбеген түрүнө алмаштырууга аракеттенип бизге жардам беришин сурайбыз. Ооба, бул кымбат. Бирок азыркы абалыбыздын куну да кымбат болуп жатпайбы.

— Экологиялык абалды жакшыртууга кандай чаралар көрүлүүдө?

— Президентибиз Бишкектин экологиясын жакшыртуу милдетин коюуда. Биз программа жана сунуш даярдап жатабыз. Кээ бирлер бизди жөн эле отурат деп сындашууда. Бирок биз дагы таза аба менен дем алууга кызыкдарбыз. Бул шаарда биздин урпактарыбыз жашайт. Аларга бул көйгөйдү мураска калтыргыбыз келбейт.

Менимче, Бишкектеги жаратылыш газы менен иштей турган ТЭЦ-2ни модернизациялоо жана реконструкциялоо иштерин тездетип, электр энергиясын өндүрүү зарыл. Ал ишке берилсе, ТЭЦ-1дин керектөөсүнө кеткен көмүр 1 миллион тоннадан 400-500 миң тоннага чейин кыскарышы мүмкүн. Бул уулуу заттардын абага тароосун кыскартат.
Шаардын эски райондорун жана жаңы конуштарды газ же электр энергиясы менен жылытууга алып келишибиз керек. Жаңы трансформаторлордун подстанциясын орнотуп, иштеп жаткан электр түйүндөрүнүн кубаттуулугун арттыруу абзел. Ошону менен бирге экология үчүн эң жакшы вариант — электромобилге өтүү.

Жогорудагы келтирилгендерди туура түшүнүп, эртели-кеч ушул багытта өкмөт менен биргеликте иштерди жасайбыз деген үмүттөмүн.

sputnik.kg