Тоо лыжа базасында ар бир адамдын күч-кубат алып, болбосо жөн гана эс алып, жаратылыштан ырахат алуу мүмкүнчүлүгү бар. Сиздер Кыргызстандагы мындай эс алуучу жайларды салыштырып, тандап алышыңыздар үчүн биз "Ак-Таш", ЗИЛ, "Каракол", "Кашка-Суу", "Орловка", "Оруу-Сай", "Политех", "Тогуз-Булак", "Төө-Ашуу", "Чоң-Таш", "Чуңкурчак", "Ski-Татыр" жана "Ак-Түз" болуп бардыгы 13 базанын инфографикасын даярдадык.

Бишкекке эң жакыны "Чоң-Таш" базасы. Борбордон 20 чакырым алыс. Ал эми эң бийиги — "Төө Ашуу". Ал деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан.

"Ski-Татыр", "Политех", "Чоң-Таш" жана "Ак-Түз" базаларында мейманкана жок. 2020-жылы "Орловка" базасында эң кымбат жана арзан эки кишилүү номерлер 6000 жана 1200 сом турары айтылды.

Дамир уулу: Кыргызстандагы 23 тоо лыжа базанын 17си гана иштеп жатат
Базаларда ар кандай татаалдыктагы муз тебүү жолдору — "кичкинтайдан" баштап (кичине балдар жана үйрөнчүктөр үчүн) фрирайддарга чейин бар. Профессионалдар үчүн эң узун жол "Чуңкурчак" базасында (10 миң метр), ал эми үйрөнчүктөр үчүн "Ак-Таш" базасында (1600) жайгашкан. Тоодон түшчү кыска жол "Оруу-Сайда" (850 метр), ал эми үйрөнчүктөр үчүн "Караколдо" (400) бар.
"Ак-Түз" (азыркы мезгилдеги жаңы база), "Кашка-Суу" жана "Ski-Татыр" базаларында отургуч жана аркан менен көтөрүлүү түрү кездешет.


sputnik.kg