Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин инисин сабоого шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Эске салсак, 11-январга караган түнү калаанын Түштүк-Чыгыш кичи районунда Улан Раимбеков ур-токмокко алынганы маалым болгон. Аны сабоого кылмыштуу топтун "Казак" каймана аты менен таанымал мүчөсүнүн тиешеси бар-жогу такталып жаткан. 

"15-январь күнү шектүү катары Өзгөн районунун 34 жаштагы тургуну жана Алай районунун 28 жаштагы жашоочусу Ош шаарынан кармалды. Алардын биринин жанынан травматикалык тапанча табылып, курал далил катары алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — дешти милициядан.
Ооруканага түшкөн жабырлануучунун абалы туруктуу.

sputnik.kg