- Эрежеси аныктала элек шайлоодон эмнени күтөсүз? Президент неге пайыздык чендерди “мен эмес, парламент чечет” деди?
- Оболу шайлоолорго дайындыктар башталды. Партиялар акырындык менен иш алып бара баштады. Шайлоого “Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргыстан”, “Республика”, “Бир бол”, “Жашылдар”, “Биримдик”, “Кыргызстандын агрардык партиясы”, КДК ж.б. партияларынын катышуусу күтүлүүдө. Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөр киргизүү маселеси чоң талкуу жаратып жатат. Ал чындык. Партиялардын бир бөлүгү босогону 3, экинчиси 5, үчүнчүсү 7% түшүрүлүүсүн каалап жатат. Ошондой эле эрежелерди өзгөртүүнү каалап жатышат. Босогону өзгөртсө болот. Ал эми эрежени канча өзгөртпө, пайда чыкпайт дейт элем. Бул батыш эмес да, бизде баары башкача. Эрежелерди өзгөртүүгө менин башкача сунуштарым бар. Баары тең айтышат, кандидатты эч ким билбейт деп, башкалары шайлоочулар эл каалаган кандидатка шайлоону камсыз кылыш керек дешет. Үчүнчүлөрү депутат лидерден көз каранды болушу керек дейт. Мына ушул маселелер боюнча чоң талаш жүрүп жатат. Менимче, ачык-айкындыкты көргөзгөн жаңы нормаларды киргизсек болот. Бизде партиялардын баары тизмелерин акыркы күнгө чейин көрсөтүшпөйт. Анан коомчулук тизмени көргөндө, иренжип шайлоого баргысы келбей калып жатпайбы. Себеби, партиялар эл каалаган инсандарды тизмеге тартпай, өлкөнү талап-тоногон олигархтарды, коррупционерлерди, криминалга жакын адамдарды тагыраагы, элди иренжиткендерди киргизип алып жатат. Шайлоолорду баштан аяк ачык-айкындык менен өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүш керек. Биринчинден, кандидаттар өз арыздарын партиянын төрагасына эмес, БКШ жана партиянын саясий кеңешине жазыш керек деген норма киргизүү керек. Ошондо лидерден кайсы бир деңгээлде көз каранды болушат. Экинчиден, кандидаттар шайлоого бир жыл же жарым жыл калганда эле өзүнүн шайлоого катыша тургандыгы жөнүндө БКШга арыз тапшырып койсо болот деген норма кирсе дейм. Коомчулук аларды билип, алар жөнүндө жазылган макалаларды окуса, шайлоочулар аларды өтө жакшы таанып калат эле. Коррупционер, же башка негативдүү саясатчылар сынга алынып, саясатчылыр коомдун элегинен өтүп калат эле. БШК канчалык көп арыз чогутса, ошончолук коомго жакшы. Партиялар ошол арыз жазгандардын ичинен өзүнө кандидат тандап алуу нормасын киргизиш керек. Ошондо саясат менен алектенгиси келбегендер парламентке аз келмек. Саясий партиялар да өз тизмелерин алдын ала берүү нормасын практикалаш керек. Мисалы, 200 же миңби кандидаттын тизмесин БШК берсе, партиялар ошолордун ичинен тандап, шайлоого алып чыкса болот да. Аларды коомчулук аябай сындан өткөрмөк, көп жагын чукуп чыгышмак. Ошентип, коом тазаланмак. Партиянын лидери жөнүндө да көп талкуу болуп жатат. Бирок, партиянын лидери дайыма биринчи номер болуп партияны шайлоого алып барышы керек. Бул эң маанилүүсү. Бизде таза эмес адамдар өздөрү аркасына отуруп алышып, шайлоого барышып, анан партия өтүп кеткенден кийин, бийликти тартып алып жатышат. Бул туура эмес. Бирок, ошончо эле лидерди жылдырыш керек болуп жатса, анда лидер үчүн биринчи жана жетиинчи орунду калтырыш шарт деп ойлойм. Мындай учурда, партияны парламентке алып кирген биринчи номердеги кандидат фракция лидери катары таанылганы туура болот. Бизде партиялардын баары парламентке кириш үчүн 20чы орунга чейин гана орундарды негизги кандидат катары карашат. Алдыңкы 10 же 15 орунга чейинки кандидаттар шайлоо компаниясынын акчасын чыгарышат. Менимче, бул да туура эмес. Менимче, депутаттык мөөнөттү экиге бөлүп койсо болот. Мисалы, депутаттык мөөнөт 5 жыл болсо, аны 2ге бөлүп коюш керек. Парламентке кирген кандидаттар 2,5 жылдан кийин алмашышат деген норма кириши керек. Тизменин алдындагылар 2,5 жылдан киийн мандаттарын тапшырышат да, тизменин артындагылар кирет деп коюш керек. Ошондо партиялардын тизмесиндеги алдыңкы 20 орунга чейинкилер эле негизги кандидаттар болбой, бул 40 орунга чейин жылмак. Бул партиялардын коомдогу ролун бекемдемек жана таасирин күчөтмөк. Эл, шайлоочулар шайлоолорго өзгөчө маани бере башташмак. Мындан башка да жаңы норма киргизсе болот. Мисалы, тизмедеги айрым кандидаттарга 1,5 же 2 жылга чейин гана депутат боло тургандай мөөнөт берсе боло турган норманы киргизиш керек. Мисалы, тизменин 30% жогорудагыдай нормадагы кандидаттар болуусуна мүмкүнчүлүк берилиши керек. Мына ушундай жолдор менен, шайлоо жана тизме түзүү процесстерин жөнгө салса болот.
-Шайлоо жакындаган сайын саясат курчуп, ар ким өз багытын аныктай баштады. “Ата Мекенден” Шыкмаматовдун кетиши өзү үчүн упай топтообу же Текебаевден оомат кетип жатканын белгисиби?
- Мындай окуялар Кыргызстанда норма болуп калды. Депутаттар дайыма парламентке кайра депутат болуп келүүчү жолдорду издешет. Парламенттик шаалоолор ар бир партия үчүн өтө маанилүү. Текебаев да партияда бир топ өзгөрүүлөр болоорун билдирди. Демек, “Ата-Мекен” шайлоолорго чейин өз катарын тазалап, жаңы тизме менен барышы мүмкүн.
- Эгер шайлоо чеги тогуз пайыздан азайбаса, анда кайсыл партиялдар биригиши мүмкүн?
- Азыр айтуу кыйын. Себеби, баадык партиялар шайлоолорго катышарын айта элек. Эң негизи делген партиялардын баары шайлоого катышарын айтса анан прогноз кылсак болот.
- Бу сапар парламентке келе элек кайсыл партияларга ийгилик жылмаят деп ойлойсуз?
- Эгер программасы жакшы болсо, шайлоо кампанияларын жакшы өткөрсө, ар бир эле партия мыкты жыйынтыкка жетишишет.
- 2020 жылдын башкы каармандары ким болот?
- Шайлоолор ар кандай саясий оюндар менен болот. Күтүүсүз сюрприздер да болбой койбойт. Кыргызстан батыш эмес. Мына азыр босого 3% болсо, шайлоолордо жаштарга өз партиялары менен келгенге көп мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Бирок, жаштар шайлоого келбейт да. Электораттын көбү пенсионерлер жана улгайган жаштагы адамдар болот. Алар консерваторлор. Ошон үчүн жаштардын шайлоолорду утуп келеши кыйын. Анын үстүнө жаштар финансы жагынан көз каранды болушат. Мисалы, азыркы Ж.Акаев өтө көп жаштар менен жолугуп жатат. 10 миңдеген жаштардан 1 миң добуш алышы күмөн. Себеби, азыр шайлоо жок. Жаштар ар бир жолугушууга бара беришет. Шайлоолор башталганда Ж.Акаевдей жаштар кыйла көп болот. Анан добуштар чачырап кетет.
Чынайым Кутманалиева
Жакшы сөз...
Памир Асановдун адилеттүүлүк жүзүн айгинелөө аракеттери
Адат болуп калгандай, өткөн жылды узатып, жаңы жылды тосуп алып жатып ”Майдан” гезитинин окурмандарынын арасында жүргүзгөн сурамжалоонун негизинде өткөн жылдын мыктылары аныкталып, татыктуулар өздөрүнө арналган белек бечектерди алышып кубанышты.
Ошол кубангандардын арасында ИИМдин министринин орун басары, милициянын полковниги Памир Асанов бар. Бул тажырыйбалуу офицерге “Майдан” гезитинин окурмандары “Укук коргоонун мыктысы” деген наам ыйгарышты. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине кылмыш иштерин ыкчам ачуу жана сотко чейинки тергөө, иликтөө кызматтарын так жана өз убагында ишке ашыруу жүктөлөөрүн баарыбыз билебиз. Памир Асанов министрдин орун басары болуп иштеп жаткан ушул кызматта аз эле убакыттын ичинде уюштуруучулук жөндөмүн, ишке жоопкерчиликтүү мамилесин жана кол алдындагылар менен тыгыз байланышта иштеше алаарын көргөзө алды. Өткөн жыл ИИМдин кызматкерлери үчүн чоң сыноолордон өткөн абдан маанилүү жыл болду. Себеби бул жылы 5 жаңы кодекс ишке киришип, Кыргыз Республикасындагы соттук-укуктук реформалардын негизинде ИИМдин ишинде мурда болуп көрбөгөн жанылык: автоматташтырылган информациялык система “Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестри” киргизилип иштей баштаган.
Мына ушундай жанылыктардын иштеп кетиши үчүн көп күч жумшалып, Памир Асанов жетекчи катары тыным билбей калды. Түшүндүрүү, үйрөтүү, окутуу иштерин жолго коюп, ар бир кызматкердин өз милдетин так жана туура түшүнүшүнө жетшүү керек эле. Албетте түшүнбөстүктөр, жанылыштыктар болбой койгон жок. Бирок анын баары өз убагында, жеринде түздөп, жалпысынан ИИМдин тергөө, иликтөө иштери жана али жаш, жаңы кана бир жашка толгон Жоруктар иштери боюнча башкармалыгы өз алдына коюлган милдеттерди жекелең аткара алды. “Сен мага эмне жегенинди айтсаң, мен сенин салмагыңды айтып берейин!” деген экен бир кыргыз, анын сынарындай сандарды айта кетпесек болбос. Жыл аяктаар алдындагы 10 айдын жыйынтыгына ылайык, “Бузууларын бирдиктүү реестри” берген маалыматтар боюнча ИИМде 357 603 бузуулар катталып, алардын ичинен 10 539на эскертүү берилип, баардыгы 347 064 бузуучуларга жалпы суммасы 546 642 500 сом айып салынган, анын ичинен 174 666 790сому төлөнгөн.
ИИМдин ишинде Тергөө кызматы менен Жоруктар башкармалыгынын ортосунда кылмыш материалдары боюнча “Бул жорук иш экен же бул кылмыш экен” деген бири бирине түртө салмай болбосу үчүн Памир Асанов кыраакылык менен байкоо жүргүзүп, ар бир ишке көңүл буруп турат. Ага министр атайын жалпы республиканын аймагында сотко чейинки өндүрүштү кароо боюнча тергөө кызматына жана жоруктар кызматына жалпы жонунан 200 чукул штат кызмат бөлүп берген. Бул кызматтар өз милдетин ийгиликтүү аткарып, азыр жетекчинин эл алдында жүзү жарык.
Эми сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, ИИМдин министринин орун басары, милициянын полковниги Памир Асановго алган наамыңыз кут болсун! Бул жаңырган жылы да ушул демиңизден кайтпай, ийгиликтеге жетише бериңиз демекчибиз!
“Майдан-пресс”
Булак: “Майдан.kg” гезити, №02 (437), 15.01.2020-ж.