Амандашкандан кийин эле “жакшы китебиң болсо, окуганга берип турбайсыңбы” деп калат. Бир жолу үйүмдөгү китептерди айтып кирсем, алардын дээрлик бардыгын окуп чыккан экен. Орусчаларын санасам, аларга тиши өтпөстүгүн айтты. Ачыгын айтайын, мынчалык китепке ышкыбоз адамды илим, билим берүү жаатында иштегендердин арасынан да аз кезиктиргенмин. Ал мурда Таласта зоотехник, милиция кызматкери болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыккандан кийин “Манас”жана Чыңгыз Айтматов улуттук Академиясында күзөтчүлөрдүн башчысы болуп иштеп келаткан Алтымышбай Мырзалиев деген адам.
- Сиз китепке кайсыл убактан баштап кызыга баштагансыз?
- Сегизинчи класстан баштап китеп окуганга кызыкканмын. Алгач көп эле авторлордукун окудум, алардын арасында котормолору да бар эле. Эки-үч жылдын ичинде мектептеги, айылдагы китепканада мен окубаган кыргызча китеп калбай, райондук китепканага каттап, дүкөндөрдөн китептерди сатып ала баштадым. Азыр үйүмдө 600дөй китебим бар. Алардын баарын мурда эле окуп чыккам. Жаңы китеп таппай калганда мурдагы окугандарымдын айрымдарын кайра окуп чыгам.
- Бир айда орто эсеп менен канча китеп окуйсуз?
- Эгерде кызыктуу тарыхый романдардан, баяндардан болсо, бир китепти 3-4 күндө эле окуп бүтүп коём. Бишкектеги Турусбеков, Баялинов атындагы эки китепканага жазылганмын, алардан ар жумада 2-3төн китеп алып турам. Кээде дүкөндөрдөн сатып алам, ар кимдерден сураштырам, кээде чыкса, кээде чыкпайт. Эгерде дайыма мени кызыктыргандары табылып турса, бир айда 10-12 китепти жөн эле окуп коймокмун.
- Азыр жаңы китептер аябагандай кымбат. Өзүңүз пенсионер болсоңуз, аларды кантип сатып аласыз? Акыркы убактарда кайсыл китептерди сатып алдыңыз?
- Кымбат да болсо, кумарга окшоп кызыгып калгандан кийин жаңы китеп тапмайынча тура албайт калат экенсиң да. Пенсияларымдан сыйлыгыштырып, Шайлообек Дүйшеевдин, Сазыкбай Турдумалиевдин томдорун сатып алып, окуп чыктым. “Агындыларды” улам-улам окуй берем.
- Элчилеп кинолорго, чөнтөк телефонду чукулаганга кызыкпайсызбы?
-Жок, эмнегедир кино көргөнгө караганда китеп окуган мени көбүрөөк кызыктырат. Кино жасалмадай, ал эми китеп турмушка, тарыхка түздөн түз аралаштырып жибергендей сезилет мага. Ал эми интернетти, чөнтөк телефонду карагым келбейт.
- Канча балаңыз бар? Балдарыңыз сизге окшоп китепке кызыгышабы же телефондорду чукулагандан колдору бошобойбу?
- Төрт балам, бир кызым бар. Аялым физика мугалими. Балдарым: бизнес кылат, маршрутка айдайт, чакан ишкананы башкарат, иши кылып ар жерде тиричиликтерин кылып жүрүшөт. Алар китепке мендей кызыгышпайт. Айрымдары колдоруна тийгенди барактап, кызыктырса, кээ бир жерин окуп коюшат. Колдоруна тийбесе жүрө беришет. Ал эми неберелеримдин колдору телефондон бошобойт. Китеп окугула деп айтам, бирок канча айткан менен аларды китеп окуганга кызыктыра албадым.
- Китепти көп окугандар адатта бир нерселерди жазгысы келе баштайт. Бул жагынан кандайсыз?
- Жок, мен окуганды гана жакшы көрөм, жазгым келбейт. Ал жөнүндө ойлобойм деле.
-Китепти көп окугандын кандай пайдасы бар экен?
- Ой-чабытың, түшүнүгүң кеңейет, сөз байлыгың артат. Зеригүү, эригүү дегенди билбейсиң. Колуң бошой калса эле, китеп окугуң келип турат.
- Сизге кимдердин чыгармалары өзгөчө жагат?
-Мага Төлөгөн Касымбековдун, Чыңгыз Айтматовдун, Качкынбай Осмоналиевдин, Сагындык Өмүрбаевдин чыгармалары өзгөчө жагат. Алардын чыгармаларынын бардыгын окуп чыкканмын.
- Жаштарды, деги эле элди китеп окуганга кызыктыруу үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?
- Мен айыл чарба институнда окуп жүргөндө Фрунзенин ар көчөсүндө бирден-экиден китеп дүкөнү бар эле. Азыр Бишкекте “Нускадан” башка кыргызча китептерди саткан бир да дүкөн жок. Азыркы чыгарылып жаткан китептер жөн эле элге жетпейт. Баалары да кымбат. Анан кайдан эл, жаштар китепке кызыксын? Мамлекет субсидиялардын эсебинен болсо да китептерди арзандатып, дүкөндөрдү жер-жерлерде да көбөйтсө, китепке кызыккандардын сандары тез эле көбөймөк.
Тынчтыкбек Бешкемпиров
Чөйрөнүн мааниси
Эшекти дос тутсаң, арстан болсоң да кадырың түшөт...
Чөйрө адамдан “сага таасирим тийсинби же жокпу?”- деп сурабайт. Аңдатпай арбап, байкатпай тартып кетет.
Кычыроон кышта эшикке чыксаң бетиң, колуң бат эле муздайт. Анткени ызгаар суук. Нөшөрлөгөн жаанда ылай көчөдө бассаң бут кийимиң үйдөн тазалап, жылтылдата майлап чыккан бойдон жүрө бербейт. Чокоюң мындай турсун, шымыңдын багелегине чейин балчык болуп булганат. Ал эми алоолонгон от үстүндө асылган казанга же кумганга муз салсаң адегенде мелтилдеп эрип, анан ысып, анан бороктоп кайнап чыгат. Ага карабай отту ичкерте берсең бууга айланып учуп, абага аралашып, сиңип кетет. Же ысык сууну муздаткычка салып көр. Бат эле табы кайтып, сууп, бир карасаң муз болуп тоңуп калганын көрөсүң.
Чөйрөңө маани бер
Сууга чөмүлүп купкургак, дааратканага кирип кийимине жыпар жыт сиңип чыккан жан болбойт. Чөйрө деген ошондой. Көңүлүңө, көзүңө карап, акылдашып, кеңешип отурбай өз өкүмүн жүргүзөт. Бузукулук арасында жүрүп такыба бойдон калуу, зулумдук ичинде болуп боорукерликти сактоо, же жалкоолор менен жалгашып үлкөн иштерди жасоо кыйын. Ошон үчүн чөйрөңө өзгөчө маани бер. Наадандардын караңгылыгы жүрөгүңдү карайтып, рухуңду өлтүрбөсүн. Акылыңдын шам чырагын албуут шамалдай үйлөп өчүрүп салбасын. Жалкоолордун ыкшоолугу эпкиниңди бөксөртүп, эргүүңдү соолутуп, демиңди мокотпосун. Мактанчаактын мардайганы жугуп, купуя асыл амалдарыңды ар кимге шарданалап, жылдап-жылдап тамчыдан куралган сооп көлдөрүн Арал деңизиндей чөлгө айлантып албагын.
Бекерчиден безе кач
Аалымдарды жанда, даанышмандан калба, акмактарга барба. Акылман элибиз айткандай, "жакшыга жанаш, жамандан адаш", "бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач", "жакшы менен бир жүрсөң жетесиң муратка, жаман менен бир жүрсөң каласың уятка". Эшектерди дос тутсаң, арстан болсоң да аброюң тебеленет. Анткени арстандык айбатыңдан мурда эшекке жолдош болгон энөөлүгүң көзгө көрүнөт.
Жакшы чөйрө кайда? Илим, акыл жана рух азыгы таркатылган жайда. Ыйман, адеп сөзү сүйлөнгөн, жакшылыкка чакыруу, жамандыктан токтотуу бар жерде. Жүрөктө жакшы күмөн жашап, тилден пайдалуу сөз айтылып, денеден берекелүү амал чыккан айдыңда. Чөккөн көңүлдөрдү көкөлөткөн, аласалган абройду аздектеген, эңшерилген ишенимди тикелеген, адашып бараткан кадамдарды туура багытка бурган, жылмаюу, жумшак жана акыйкат кеби менен жүрөктү жылыткан шериктер, достор, кошуналар жана сапарлаштар коштогон өмүр жолунда. Оройлукту оор басырыктуулуктун, ачууну сабырдын, кекти кечиримдүүлүктүн, текебердикти кичипейилдиктин, сараңдыкты жоомарттыктын, караңгылыкты билимдин, бөлүнүп-жарылууну ынтымактын, ыкшоолукту жигердин, ысырапты сарамжалдыктын тараза ташы баскан коомдо.
Бүлөңө чөйрө тандап бер
Ошондуктан ата-эне баласынын чөйрөсүн көзөмөлгө алсын. Бул ага саркеч кийим кийгизип, чүйгүн тамак берип, даңазалуу мектепте окутуп, миң бир өнөрдү үйрөтүүдөн да маанилүү. Чөйрөсү жакшы болбосо балаң үчүн кылган асыл аракеттериңдин баары капилет от алып күлгө айланган саман сыяктуу бошко кетет. Анткени адам сөздү угат, бирок үлгүнү ээрчийт. Сени тек гана тыңдаганы менен досунун жолун жолдойт. Достор, дегеле алтындан артык, жакуттан кымбат убактыңды арначу ар бир адам, ар бир чөйрө атыр сыяктуу болсун. Өзүн көрбөсөң да жагымдуу жыты каңылжаар аркылуу көңүлгө кубаныч, сезимге ыракат тартуулайт. Жакшы адамдын жанында бир саат отуруу 100 жыл ибадат кылуудан да пайдалуураак деген насаат жөн эле айтылып калбаган да. Катташчу, мамиле түзчү адамдарды да аярлап танда. Кексенин кесепети, жамандын зыяны тийбей койбойт.
Жамандан адаш
Кээ бир адамдар чөйрөнү өзгөртөт. Алар аралашкан адамдар арасында жаман адат азаят, урушкандар жарашат, таарынышкандар табышат, жалкоолор жанданып, караңгылар окуй баштайт. Эгер сен ошондой жакшылыктын жарчысы, таркатуучусу катары таасириң таасын, турумуң бекем болсо, анда жаман-жакшы экени талаштуу чөйрөлөргө барсаң болот. Эгер чөйрөгө жакшы таасир бере албасаң, анда жаман таасир аласың. Демек, жакшы адамдар бар чөйрөнү тандайлы. Алардын асыл сыпаттары, кымбат касиеттери жана ооматы жугуп, шарапаты тийсин. Жакшы адамдар жаман чөйрөгө кошулса, жаман чөйрө чоңоёт. Жараткан ошондон сактасын.
Нуржигит Кадырбеков
Булак: “Майдан.kg” гезити, №01 (436), 09.01.2020-ж.