Маалыматка ылайык, 08:30дан баштап бардык предметтер боюнча окуу башталды. Чек ара айылындагы Шайдулла Ганы мектебинде 204 окуучу окуйт. Эки кабаттуу мектеп 2018-жылы октябрь айында пайдаланууга берилген. Мектептин эски имараты балдар бакчасына өткөн.

- Бүгүн саат 8:30 бардык сабактарды баштадык. Бизде 204 окуучу бар. Жаңы мектепке 2018-жылы октябарда киргенбиз. Эски мектеп тажик айылына жакын чек арада жайгашкан,-деди мектеп директору Канатбек Боронов.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында болгон чатактан соң Баткен районунун Көк-Таш айылындагы орто мектепке жайгаштырылган 254 адам 12-январь күнү үйлөрүнө тараган.

Чек арадагы чатактан улам 10-январга караган түнү Баткен районунун Көк-Таш айылынын 250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылган. Алардын көпчүлүгү жаш балдар жана аялдар болчу.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.

azattyk.kg