Кыргыз-тажик чек арасында бүгүн түн ичинде кайрадан ок чыкты. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдайт.

Мекеменин маалыматына ылайык, тажик тарап ок чыгарган.

«Кыргыз-тажик чек арасында абалды салыштырмалуу туруктуу катары мүнөздөөгө болот, чыңалуу элементтери бар. Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.
Аталган аймактагы өткөрмө бекеттер кадимки тартипте иштеп жатат», -деп маалымдады чек ара кызматы.

Белгилүү болгондой, түн ичинде Тажикстандын жарандары кыргызстандыктардын автоунааларына кол салган.

Баткен облусунун ИИБнын басма сөз кызматы жабыркагандар бар деп билдирди.

«9-январдан 10уна караган түнү, болжол менен саат 00:40та Тажикстандын жарандары Ош-Баткен-Исфана автожолунда Кыргызстандын М.С. аттуу жаранынын «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаасын таш менен ургулап, терезелерин сындырып салышкан», - деп маалымдашты укук коргоо органдары.

Мындан сырткары, саат 01:10до ошол эле жолдон Тажикстандын жарандары 25 жаштагы М.Ш. аттуу кыргызстандыктын «Фольксваген Гольф-4» үлгүсүндөгү автоунаасына таш ыргытышкан.

Ок Баткен районунун Көк-Таш айылынын аймагында чыгарылганы белгиленүүдө.

Бүгүн аймакта укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда. Ошондой эле, жергиликтүү жашоочулар менен дагы профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

VESTI.KG