Ош шаарында түнкүсүн көчөдөн табылган эки жаштагы кыздын энеси ким экени аныкталды. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бөбөктүн энеси Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын 1992-жылкы тургуну болуп эсептелет. Анын Ош шаарында убактылуу жашап жүргөндүгү белгилүү болду.

Учурда эки жаштагы кыз реабилитациялык борбордогу кызматкерлердин көзөмөлүндө.

Эске салсак, наристени  29-декабрь күнү саат 01:30дар чамасында шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында жүргөн жеринен табышкан. Аны Тез жардам кызматынын өкүлдөрү көрүп калып, милицияга кабар берген.


sputnik.kg