Жыл жаңырар алдында кыргыз бийлигин күйүндүрүп, оппозицияны сүйүндүргөн жаңылык тарады. Ал азыр абакта жаткан мурдагы президент А.Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага Татарстан Республикасы жапжаңы унаа белек кылгандыгы тууралуу кабар эле. Болгондо да бул тууралуу бирди миң, миңди түмөн кылып жар салчу айрым маалымат каражаттары али дөңгөлөгү жер чийе эле “масло” унааны Татарстандын президенти Рустам Минниханов жеке өзү Кыргызстан элдер ассамблеясына караштуу татар диаспорасы аркылуу берип жибергендигин жарнамалап, ал тургай Раиса айымдын колуна ачкычты кармап, Алмазбек абактан чыккандай кубанган абалынын видеосун да таратып жиберишти.

КСДП Татарстандын президенти өзгөчө оор кылмыштарга айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайына жаңы унаа белек кылганы тууралуу маалымат жарыялашкан эле. Рустам Минниханов Раиса Атамбаеванын коомдук транспортто отурган сүрөтүн көргөндөн кийин унаа белек кылууну чечип, мындан сырткары айдоочунун айлыгын жана күйүүчү майдын да акысын төлөп бергени айтылган.

“Раиса Атамбаева Рустам Миннихановго адамгерчилиги жана көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди”,- деп жазылган маалыматта.

Бирок Татарстандын президенти Рустам Минниханов Раиса Атамбаевага өз атынан автоунаа белек кылган эмес. Бул тууралуу REGNUM агенттигинин журналисттерине мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Президенттин атынан Раиса Атамбаевага эч кандай белек берилген эмес”,- деп алар маалымдашкан.

Айтор, бир маалымат эки башкача бурмаланып, орто жолдо эле эл кимге ишенерин билбей башы катууда. Канткен менен эгер Минниханов Атамбаевага унаа белек кылгандыгы чың болсо, анда өзүнүн шефи Путиндин да башын аттаган болуп калып атпайбы. Оштуктар айтмакчы, “быягы кандай болуп калат?”.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №01 (436), 09.01.2020-ж.