Жаңы жылда Кыргызстандын эң алыскы аймагы болгон Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Кулунду айылында бир эле өлкөбүз үчүн эмес, бүтүндөй адамзат үчүн керектүү жана пайдалуу иш жасалды. Анткени бул айылда таштанды кабыл алган ишкана иштей баштады. Бул жаңылыкты Кулунду айылынын тургуну, ишкананын ээси Шайназар Пазылов жасап, баарыбызды таң калтырды.
Анын айтымында, ишкана желим шишенин 1 килограммын 7 сом, желим баштыкты 15 сомдон сатып алып жатат. Ишканада 4 жумушчу айылдыктар алып келген таштандыны иргеп, таңгактайт.
Бир аптанын ичинде эле айылдан 500 килограмм желим баштык жана желим шише, 30 тоннадай макулатура топтолгон. Ишкердин айтымында, чогултулган таштанды андан ары кайра иштетүүгө жиберилет.
Шайназар Пазыловдун мындай жаратмандык иши президенттин үч жыл катары менен жарыяланып келаткан “Аймактарды өнүктүрүү” программасына да ылайык келүүдө. ЖК депутаты Акылбек Жапаров деле бир кезде желим баштыктарды жоготуу керек деген маселе көтөрүп, бирок ал идеясынишке ашыра албай калган жана азыр өзү деле унутуп калса керек. Андыктан өлкө башчыбыз менен өкмөт да бул алгылыктуу ишти колго алып, колдоо көрсөтсө же республикабыздын башка аймактарына да жайылтса, бир гана бүтүндөй Ааламдын көйгөй маселесине айланган желим баштыктардан арылбастан, элет жериндеги жумушсуздук көйгөйү аз да болсо чечилип, экономикабызга салым кошулган болор беле?
Булак: “Майдан.kg” гезити, №01 (436), 09.01.2020-ж.