-Өмүрзак Жолдош уулу, “Манастын уулу Семетей” көркөм фильмин тартуу тууралуу билдирүүңүздү кененирээк чечмелесеңиз. Буга дейре сценарийди жазып, орус, англис, түрк, кытай тилдерине котортуп, бир канча мамлекеттердин ири кино компаниялары менен биргелешип тартууга аракеттенип жатканыңызды жар салгансыз. Бул багытта ишиңиз кандай уланып жатат?
-Ооба, бир катар, атап айтканда Россия, Кытай, Индия, Турция, Франция, Канада өлкөлөрүнүн кино ишмерлери менен кызматташып, дүйнөлүк улуу эпосубуздун негизинде эл аралык аренага чыкчу тасма жаратууга белсенип жатабыз. Кудайга шүгүр, негизинен алар колдоого даяр экендиктерин билдиришүүдө. Өзгөчө, “Жибек жолу” (“Бир алкак – бир жол”) эл аралык кызматташтык уюмунун (башкы катчысы Х. Хон) Орто Азия боюнча дирекциясы (аткаруучу директору Ж. Тапалова) ийги ниетте кызматташа баштады. Ошондой эле, Казакстандык, Өзбекстандык, Тажикстандык кесиптештерибиз менен да иштешмекчибиз.
-“Жибек жолу” (“Бир алкак – бир жол”) эл аралык абройлуу уюму жакшы колдоо көрсөтө баштаганын баяндадыңыз. Алар менен кандайча кызматташып калдыңыз?
-Өткөн жылы “Жибек жолу” (“Бир алкак – бир жол”) уюму Пекинде эл аралык ири кино фестиваль уюштуруп, ага катышуу убагында анын Орто Азия боюнча дирекциясынын башчысы, Казакстандын соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Кажымкан Масимов аксакал менен тыгыз кызматташтык. Ал киши биздин “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмабыздын Россия жана Кыргызстанда тартылган биринчи бөлүмүн көрүп, анын Кытай, Индия, Турция, Европа, Америка өлкөлөрүндө тартылчу экинчи бөлүмүн “Жибек жолу” уюму тарабынан тарттырууга дилгирлик билдирди. Даярдыктар бүтүп, тасма тартыла баштаарда 80 жашка толуп жаткан эл аралык маанидеги белгилүү коомдук ишмер Кажымкан Касымович апрель айында кайтыш болуп кетти. Мен Россиялап башка кино долбоор менен алпурушуп, “Манастын уулу Семетей” сценарийин даярдап жүрсөм “Жибек жолу” (“Бир алкак – бир жол”) эл аралык уюмунун Орто Азия боюнча дирекциясынын аткаруучу директору Жания Тапалова “урматтуу агабыз баштаган долбоорду уланталы” деп чакырды. Бул убакытта мен “Манастын уулу Семетейди” орус, англис, кытай, түрк тилдерине котортуп белендеп турган чагым болчу. Ошону менен бул эл аралык кадыр-барктуу уюм ири кино долбоорубузду колдоого алууга дилгирлик билдирди.
-Демек, эми эл аралык “Жибек жолу”(“Бир алкак – бир жол”) уюмунун колдоосу менен “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмасын да тарта баштамакчысызбы?
-Ооба. Буйруса, Кытай, Индия, Турция, Франция, Америка, Канада өлкөлөрүнөн даректүү тасмага эпизоддорду тартып, ошону менен бирге “Манастын уулу Семетей” боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчүбүз.
-Назарбаев тууралуу тасма тартып, Казакстандын, Путин тууралуу китеп жазып, Россиянын жетекчилери менен мамиле күтүүгө жетише алдыңыз окшойт. Бул ымала көркөм тасма тартууда көмөкчү болдубу?
-Казак эл башысы Нураке тууралуу тасма аркылуу Казак парламентинин таасирлүү депутаты Бекболат Тилеухан, маданият министри Арыстанбек Мухамеди улы баш болгон бир катар маданий ишмерлери менен жакын мамиле күтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ал эми Россиянын маданий ишмерлери менен мамиле башкача өңүттө уланды. Мен убагында 1993-1994-жылдарда Москвада Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун жогорку адабий курсунда угуучу катары окуп, мурдагы СССР жазуучулар союзунун ордуна түзүлгөн эл аралык жазуучулар союзунда кеңешчи болуп иштеп, бир катар тааныш арттырганым бар эле. 2012-жылы “Президент жана бомжду” коюп, 2013-жылы “Президент жана бомж-2”ге жана “Москва сүйүүсүнө” эпизоддорду тартып, ага Россиянын кино жылдыздары Александр Панкратов-Чёрный, Лев Прыгунов, Александр Песков, Бари Алибасов катышып, анда ары Россиянын ири кино компания жетекчилери жана кино прокатчылар менен аралашууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн.
-“Президент жана бомж-1-2-3”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү”, “Төңкөрүш” көркөм тасмаларыңыз баардыгы президент, министр, депутат – саясат тууралуу. Андан тышкары Казак президенти Назарбаев тууралуу даректүү тасма тартып, Россия президенти Путин тууралуу китеп чыгарып, жалаң саясат темасын козгойсуз...
-Сурооңуздун түйүнүн түшүндүм... Көп жыл райондук, областтык, республикалык бир катар саясий гезит-журналдарда иштеп, саясатка тереңдеп кирип алсам керек. Анын үстүнө СССР, социалисттиук түзүлүш кулап, жаңыча турмуш аркырап киргенде Орустун таланттуу жазуучусу Валентин Распутиндин таамай белгилегени бар: “Эми адабият нугу публицистикага оойт” деп. Бул деген адабият эми саясат жагына бурулат дегендик. Сиз санаган тасмалар менин кино болуп тартылган сценарийлерим. Тартыла элек, буйруса киного айланчу дагы “Социализм трагедиясы”, “Карахан таажысы”, “Олигархтар” аттуу чыгармаларым бар. Аталыштары эле айтып тургандай, алар да жалаң саясатты козгойт. “Карахан таажысы” У111-Х11 кылымдагы тарыхты, ал учурдагы каганды эскерет. Ал эми “Манастын уулу Семетей” мындан миң ашык жыл мурдагы бабаларыбыздын улуу турмушун, алгачкы Кыргыз каганатын баяндайт.
-“Манастын уулу Семетей” тасмасы качан тартыла баштап, элге качан тартууланмакчы.
-Буйруса, быйыл Ноорузга карата баштап, күз мезгилинин этегине даярдоо болжолдонууда.
(Сүрөттөрдө: Төлөбеков А. Панкратов-Чёрный, А. Песков жана
Ж. Тапалова менен)