Биринчи май райондук сотунда Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова жана Кундуз Жолдубаеванын баш коргоо чаралары каралды. Кундуз Жолдубаева 9-февралга чейин үй камагына алынды. Үй камагынын шартына ылайык эми ал түнкү 10дон таңкы 6га чейин үйүнөн чыгууга укуксуз. Белгилей кетсек буга чейин Жолдубаева кылмыш ишинде күбө катары өтүп жатса эми айыптууга айланды.
Асель Кодуранованын баштапкы баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок, ал үй камагында болот.
Ал эми Мирбек Мискенбаевдин камакка алынганы айтылууда.
Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасы учурда каралып жатат, сот кандай чечим кабыл алаары белгисиз.
Эске салсак аталгандардын баары 8-9-августтагы Кой-Таш окуясына байланыштуу кылмыш ишине кириптер болушкандар.