Ысык-Көл облусунун Тоң районунда №38 өрттөн куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты ишке берилгенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда №38 өрттөн куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты ишке берилгенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди
Япония өкмөтү Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 263 миң долларлык суучулдардын жабдуусун берди
Аталган бөлүк авариялык-куткаруу иштеринин ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу планынын алкагында ишке ашырылды. Буга чейин Ош шаарында № 29, Талас облусунун Манас районундагы №100 бөлүктөрү, ошондой эле Бишкек-Ош автоунаа жолунун 154-чакырымындагы куткаруу кызматынын ачылыш аземи болгон.
Тоң районундагы жаңы бөлүктө эки ѳрт ѳчүрүүчү автоунаа жана бир авариялык куткаруу автоунаасы тийиштүү шаймандары менен жайгашкан. Курулуш иштери жалпысынан 1,7 миллион сомго каржыланды
sputnik.kg