Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия фондунун ортосундагы «Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу» долбоору боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Суу ресурстары агенттигинин башчысы Көкүмбек Таштаналиевдин айтымында, келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 25 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 30 млн доллар көлөмүндө каражат берилмекчи.
Депутаттар өкмөт өкүлдөрүнүн көңүлүн гранттык каражаттарды өз маалында өздөштүрүү маселесине бурду. Мисалы, 2013-жылы Кара-Балта шаары боюнча ушундай эле гранттык келишимди ратификацияланып, эл аралык каржы уюму Каржы министрлигине аны өз мөөнөтүндө өздөштүрө албаганы үчүн 52 миң евро айыптык төлөм салганы белгилүү. Алынган насыя каражаттарынын жумшалуусуна да, жасалган иштин сапатына да өзгөчө көңүл буруу зарыл, анткени аны кийин үстөгү менен кайтарып берүүгө туура келет.
Таза суу департаментинин өкүлү таза суу тутуму курулгандан кийин, жабдууларды күтүү жоопкерчилиги айыл өкмөттөрүнө жүктөлөрүн, ал эми суу курулмаларын курууга чыгымдалган насыя каражат акталганга чейин суунун баасы айылдык кеңеш тарабынан белгиленерин билдирди. Насыя каражат акталгандан кийин суунун баасы арзандашы мүмкүн. Аны дагы жергиликтүү кеңеш чечет. Суу курулмаларын күтүү, кайтаруу, оңдоо, жабдууларды алмаштыруу үчүн кошумча каражат талап кылынары бышык.
Белгилеп кетүүчү нерсе, долбоордун жыйынтыгы менен Баткен жана Талас обулусундагы 146 миң адамдын таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле эл арасындагы сапаты начар суудан жуккан оорулардын саны кыскарат. Аталган долбоор жалпысынан өлкөнүн суу тармагынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.