Бүгүн, 23-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында март айынын үчүнчү ишембисин «Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү» деп жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору каралып, жактырылды.
Токтом долбоорунун демилгечиси - Жогорку Кеңеш депутаты Айнуру Алтыбаева.
Долбоор экологиялык жана санитардык абалды жакшыртуу, республикадагы шаарлар менен калктуу конуштардын аймактарын жашылдандыруу, бак-дарак аянттарын көрктөндүрүүнү жана көбөйтүүнү колдоо максатында даярдалган. Ошондой эле атмосфералык абаны булгоочу заттардын концентрациясы көбөйүп жаткандыгы да бул токтом долбоорунун иштелип чыгышына себеп болгон.
Депутат А.Алтыбаеванын айтымында, бак-дарак отургузуу күнү сыяктуу күндөр Орусияда, Казакстанда, Кытайда жана башка бир катар өлкөлөрдө белгиленип, өз натыйжасын берип келүүдө.
Долбоорго ылайык, ар жылдын март айынын үчүнчү аптасынын ишемби күнүн Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү деп жарыялоо менен облус, район, шаар бийликтери бак-дарак көчөттөрүн отургузуу, аларды асыроо жана сактоо иш-чараларын көрөт.
Комитет тарабынан токтом долбооруна КР Өкмөтү каржы булактарын издеп табуу маселесин карасын деген кошумча киргизилүүдө.