Бишкекти каптаган ыштын басымдуу бөлүгү Бишкек ЖЭБинен жана көмүр менен жылытылган чоң-чоң мекемелерден чыккан түтүндөн болуп жатат. Мындай божомолу менен депутат Марлен Маматалиев бөлүштү. Айтымында шаарды газдаштыруу элге бир топ оор болууда. Ошондуктан шаардыктардын үйүнө газ киргизүү чыгымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу механизмин Өкмөт иштеп чыгуусу зарыл.
Ошону менен катар депутат ЖЭБге жагыла турган көмүрлөрдү гүлдүк, шлактык деңгээли боюнча туура тандоо зарылдыгын айтып, өлкөгө сырттан кирген Казакстан көмүрлөрүнөн алда канча зыяндуу ыш чыгаарын кошумчалады. Мындан сырткары, ЖЭБдеги түтүн чыгуучу морлоруна эл аралык стандарттагы чыптагычтарды коюу керек. Мончо комплекстери менен өнөржайларга да тиешелүү чыптагычтады орнотууга милдеттендирүү зарыл.
Депутат Марлен Маматалиев демилгелеген токтом долбоорунда аткаруу бийлиги тарабынан электр менен жүрүүчү автомобилдерге өтүү чараларын тездетилиши керектиги белгиленген. Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат берүүдө шамалдын нугун тоспогон жерлерге курууга канча уруксат берүү маселеси дагы Өкмөт тарабынан эске алынышы айтылат.