Ленин райондук сотунда бүгүн экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовго карата өкүм чыкты. Кулматовго 5 миллион сом айып пул салынды да сот залынан бошотулду. Ибраимов болсо 15 жылга кесилди.
Кулматов "Калыс Ордо" конушундагы орто мектептин курулушунда коррупцияга жол берген деп айыпталган.
Ибраимов бир нече кылмыш иши боюнча айыпталган, алардын арасында "Күнөстүү жээк" пансионатын ылдыйлатылган баада сатуу, "ТНК Дастан" ишканасына атайын буюмдарды жогорулатылган баада сатып алуу, муниципалдык жер тилкелериндеги коррупция бар.