Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сот процесси болду. Судья Айнура Сатарова  соттук териштирүүнүн кароо мөөнөтү аяктаганын белгилеп, узартуу зарылдыгын айтты.

Ошондой эле процессте Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чараларын узартуу чечими кабыл алынганы белгилүү болду. Ал эми соттук териштирүүнүн мөөнөтү 2020-жылдын 29-февралына чейин узартылды. 

 Эске салсак  Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" беренеси менен 8 жылга эркинен ажыратылган.