Ширин Айтматова соцтармактагы баракчасына жолдошу Сыргак Кенжебаевдин камалышы боюнча билдирүү калтырды. Ал жолдошу Бишкектеги № 1 тергөө абагында кармалып жатканын айтып, «сындырышат» деп санааркаган.
Сыргак Кенжебаев көз боемочулукка шектелип, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.
Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматы экс-депутаттын коркунучун басаңдаткансыды. Мекеменин маалыматына караганда тергөө абагындагы бардык камераларга видео көзөмөл орнотулган. Ал эми Сыргак Кенжебаев учурда карантинде, текшерүүгө алынат. Мындан улам камерага киргизиле элек, бир болсо ал экономикалык иштер боюнча шектелгендер менен бирге болот.