Бишкек мэриясынан билдиришкендей мэрияга караштуу караштуу «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери ишембиден жекшембиге караган түндөн баштап көчөлөрдү калың жааган кардан тазалашты. Анда айтылгандай жолдорго жалпысынан 614 тонна техникалык туз чачылган.
Учурда шаарда 38 атайын техника иштеп жатат. Алардын ичинен 25и кар тазалоочу машина, эки ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү техника, төрт универсалдык машина жана беш чакан трактор бар.
Мындан тышкары, 700 көчө шыпыргыч жана 120 жүктөөчү жолдорду тазалап жатат.
Мэрия шаардыктарга кайрылып, өзгөчө кар жааган күндөрү автоунааларды чоң-чоң көчөлөрдүн боюна токтотпоону өтүндү. Анткени мындай учурда кызматкерлерге жолду тазалоого тоскоолдук жаралат.