Бишкекте Жаңы жыл түнү 6 мүнөт салют аттырылаары белгилүү болду. Бул үчүн Бишкек мэриясы 6 мүнөткө созулган салют аттырууга 800 миң сом бөлгөн.
Маалыматка караганда салют аттыруу боюнча буга чейин эле тендер өтүп, жеңүүчүсү аныкталып калган соң андан баш тартууга мүмкүн болбоду.
Эске салсак коомчулукту шаардын абасы ансыз да булганып турган чакта майрамда салют аттырбоого үндөй башташкан.