Кечээ, 22-декабрда Кашка-Суу жана Чоң-Алай айыл аймактарында секундасына 22-28 метрге жеткен катуу шамал орун алды. ӨКМнын маалыматына караганда Кара-Кабак айылында шамалдан Маданият үйүнүн, орто мектептин жана үч турак-жайдын чатыры кулаган. Кабык, Ачык-Суу, Кашка-Суу, Жаш-Тилек жана Дароот -Коргон айылдарындагы үйлөрдүн да айрымдарынын чатыры кулаган.
Жабырлануучулар жок.
Ошондой эле катуу шамал Алай районунда да болуп, секундасына 22024 метрге жетти. Бул аймакта да бир катар үйлөр чатырсыз калышты. Үйү табият кубулушунан жабыркаган жарандарга гуманитардык жардам керектиги айтылды.