«Республика» партиясынын лидерлигине Мирлан Жээнчороевди дайындоо чечими бүгүн партиянын кезексиз съездинде кабыл алынды. 

Анда белгилүү болгондой  Өмүрбек Бабанов өз эрки менен лидерликти өткөрүп берди.  Партиянын съездинде  саясий уюмдун курамын өзгөртүү жана жаңы лидерди тандоо боюнча эки маселе каралды. Лидердик орунга депутаттар Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев жана Кенжебек Бокоев талапкер болушту.