Күйөөсүнө карата козголгон кылмыш иши экс-депутат Ширин Айтматованын ишмердүүлүгүнө байланышы жок. Бул тууралуу жабырлануучу, кытайлык ишкер Мотайлифу Маймайтянинин адвокаты билдирди. Ишкер Сыргак Кенжебаевдин Ширин Айтматованын жолдошу экенин билбеген.
Адвокат Жанара Аскар кызынын айтымында ал Ширин Айтматова менен да тааныш.
«Бардык документтер колубузда турат. Анда байланыш тууралуу келишимге ылайык, кытай ишкери 85 пайызын, Сыргак Кенжебаев жана алардын дагы бир өнөктөшү, Түркиянын жараны Аскар 15 пайызын алышмак болушкан", - деген адвокат Маймайтяни менен Кенжебаевди Аскар тааныштырганын белгиледи.
ИИМ буга дейре Мотайлифу Маймайтяни Кыргызстанга 2018-жылы келгенин жана Сыргак Кенжебаев менен «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында таанышканын жарыялаган.