Свердлов райондук соту Айеркен Саймаитиге мыйзамсыз паспорт берген кызматкерге козголгон кылмыш ишин токтотууну туура деп тапты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда иш мөөнөтүнөн өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулган. Бирок прокуратура бул чечимге даттанууга камынып жатат.
Эске салсак, кытайлык Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун жаздырып берүү фактысына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш быйыл июль айында башталган жана анын жүрүшүндө Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылган.