УКМК билдиргендей Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев көз боемочулукка шектелип кармалды. Андагы маалыматка таянсак укук коргоо кызматына Кытай жараны М.М. кайрылып Сыргак Кенжебаевге карата чара көрүүнү суранып, ал 350 миң долларга алдап кеткенин айткан. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттоого алынган.
Сотко чейинки териштирүү иштеринде Кытай жараны "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Кытайдагы ири компаниялардын биринин өкүлү катары Кыргызстанга келген. Сынакка даярдануу учурунда М.М. менен Кенжебаев таанышып, ишенимине кирип болбогон чыгашаларды шылтоолоп акча каражатын алган да аны кайра кайтаруудан баш тарткан.
Мындан улам Сыргак Кенжебаев 20-декабрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Эске салсак кечээ Ширин Айтматова соцтармактагы баракчасына Алматы абамайданынан күйөөсү дайынсыз кеткенин, аны уурдап кетишкенин же кармап кетишкенин билбей жатканын жазып, ыйлаган сүрөтүн кошо тиркеген.
