Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште айтылган сунуш-пикирлерге Өкмөт тарабынан реакция болбой жатканын, ага Бишкекти тегиз каптаган түтүн боюнча бүгүн 3-жолу маселе көтөрүп жатканын айтты. Ал бул тууралуу парламент жыйынында билдирди.
“Аткаруу бийлиги каптаган түтүндү унаалардан жана жаңы конуштардын көмүр менен жылытуусунан болуп жатат деп келе жатат. Бирок андай эмес, ыштын 80% Бишкек ЖЭБинен чыккан түтүнүнөн болуп жатат”,- дейт.
Эл өкүлү элдин саламаттыгы үчүн бул маселени чечилмейинче көтөрө берерин айтып, керек болсо Өкмөттүн кызматтан кетишин талап кыла тургандыгын эскертти.
Депутат Бактыбек Турусбеков абанын экологиялык абалы, абанын булгануу деңгээли боюнча маселе көтөрүп, шаар бийлиги, Өкмөт тарабынан эч кандай аракет көрүлбөй жатканын сынга алды.