2019-жылдын 10-ноябрында Түркияда өлтүрүлгөн кытай ишкери Айеркен Саймаитинин айланасында болгон окуяларды иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эсе салсак, депутаттык комиссиянын курамында төмөнкү депутаттар бар: КСДП фракциясынан – Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Джураев, Аалы Карашев, Абтандил Кулбараков, "Республика - Ата Журт" фракциясынан – Мирлан Жеенчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов, "Кыргызстан" фракциясынан – Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Бир Бол» фракциясынан – Жаныбек Бакчиев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан – Тынчтык Шайназаров, "Ата Мекен" фракциясынан – Алмамбет Шыкмаматов.