Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касымалиева чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын өкүлдөрүнөн отчетун талап кылды.
Касымалиеваны депутат Зиядин Жамалдинов колдоду. Ал ар бир жолу чек арада болгон жаңжалдан кийин парламент өкмөттү чакырып, тапшырма беришет. Бирок анын жыйынтыгы жок, бир-эки ай өткөндөн кийин кайра эле баягы окуя башталаарын белгиледи.
«Комиссия бул жаатта эмнелер жасалып жатат, отчет бериши керек. Же өкмөт биздин тапшырмабызды унутуп калдыбы? Унутуп калышса аларды дагы бир жолу чакырып, эстетип коелу», — деди Жамалдинов.