Фейсбуктун Абзал Аманжолов аттуу колдонуучусу 18-декабрда Ала-Тоо аянтында болгон митинг тууралуу өзүнүн пикирин жазды:

"Улуу Британиядан НПО башчылары бүгүн 18- декабрда таң эрте келип, Кыргызстандык НПОчуларга митинг тууралуу инструктаж өтүштү.


Анысы аз келгенсип Өзбекстан, Казакстан, Таджикстандын НПОчулары да митингге чакырылган.
Эй бул чет элдиктердин биздин ички саясат менен иши кандай?


Эч кандай коррупция - моррупциясы жок эле ачык түрдөгү батышчылдардын агенттери уюштурган акция болду бул ирет дагы!


Матраимовдун "М"сын тааныбаган маңкурттан толуп алыптыр го аянтка. Акмактар акырындык менен биздин КР кандай митинг, баш аламандык кылса болот деген анализин, байкоо кылганы келишти булар.

Барабан кагылып митинг баштан аяк бир кишинин сүйлөшү менен бүткөнү кадимки "Майдан"дагыдай болду. Дапдаана батыш башкарып жатканын айтпаса да далилдеп коюшту".