Бишкектеги Горький атындагы паркта абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митинг башталууда. Азыр саясатчынын эркиндикке чыгышын колдогондор чогулуп жатышат.
Парктын ортосуна сүйлөөчүлөр үчүн кичи сахна жасалып, Жапаровдун сүрөтү илинди.
Садыр Жапаров 11,5 жылга кесилген. Ал абакта жаткан убакта атасынан, апасынан жана уулунан ажыраган. Коомчулукка саясатчынын жасалма иштер менен айыптуу деп табылып, акыйкатсыз жаза мөөнөтүн алганы маалым. Акыркы кездери саясий чөйрө Жапаровдун эркиндикке чыгышы керектигин бир ооздон айтып башташты.
