25-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Эске салсак өткөн жылы президенттин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйыны 19-декабрда өткөрүлгөн.