Биздеги айрым саясий күчтөр, оппозиция болумуш эткендер президентке көө жаап, аны каралоо үчүн бардык нерсени бетке кармоого даяр экенине күбө болуп келатабыз.
Уран маселесин шылтоо кылышкан күчтөр анын казылуусуна президентти байланыштырганга чейин барышты. Бирок президент С.Жээнбеков элдин үнүн укту, эл менен бирге экенин көрсөттү. Уран кендеринде чалгындоо иштерин жүргүзүүгө, казууга байланышкан мыйзам долбооруна кол койду. Бул мыйзамга ылайык, өлкөгө сырттан курамында уран бар заттарды алып кирүүгө да тыюу салынат.
Не дейбиз, ыңгайы келсе эле уран маселесин көтөрүшүп, туруктуулукту бузгусу келгендер эми уранды бетке кармаганыңарды токтоткула! Маселе элдин кызыкчылыгында чечилди. Жаныңар жай алсын!
Булак: “Майдан. kg” гезити