"Коломто" муниципалдык уюмунда жыл сайын өтүүчү акция болду. Бул акция кайрымдуулукка арналган, туруктуу жашаган жайы жок жарандарга жардам колу сунулат. 

Мэриядан билдиришкендей Биринчи май райондук акимиаты акциянын алкагында 87 үйсүз адамга жардам берди. Бишкек кургак учук ооруканасы жылып жүрүүчү рентгенавтоунаасында текшерүү жүргүздү, СПИД менен күрөшүү жана профилактика борборунун кызматкерлери ВИЧ-статусту текшеришти, ал эми Кыргызстандагы Кызыл жарым ай улуттук коомунун ыктыярчылары бомждарга жылуу кийимдерди беришип, алардын туугандарын, жакындарын издешти.