Түркиянын Анталия шаарында кыргызстандык банкка кирип, ал жердегилерди тапанча менен коркуткан жана мекеменин күзөтчүсү менен кызматкерди барымтага алган. Бул тууралуу haberler.com сайты жазды.
Анда айтылгандай куралчан адамды кармоо үчүн полиция кызматынын кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөтүлгөн. Алар кылмышкерди өзү колго түшүп берүүсүн суранган, бирок ал тартип сакчыларына баш ийбей, бомба бар экендигин билдирген.
Полиция кызматкерлери аны өз ыктыяры менен колго түшүүгө көндүрүшкөн.