Парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов  ЖЭБдин от жаккычтарын чакырып, маалымат алууну  талап кылды.  Анткени депутаттын айтымында ЖЭБдеги мештерге эмне жагылып жатканы ачык айтылбайт, ал эми андан чыккан коюу түтүн таң калыштуу болууда. 

 «Былтыр мындай коюу туман болгон эмес, ошондуктан от жаккычтарды чакырып эмне жагылып жатканын билишибиз керек», — деди депутат. 

«МувГрин» экологиялык кыймылынын датчиктеринин маалыматына караганда абанын булганышынан  Бишкекте жашоо кооптуу.